www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрт адамдан турган үй-бүлө тогузунчу кабаттан кулаган лифттен каза тапты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, окуя 30-декабрда Бразилиянын Сан-Паулу шаарында болгон. 47-жаштагы Жуселина Сантос конокторун тоусп алуу үчүн вестибюлга түшкөн. Ал 43-жаштагы сиңдиси Люсинда де Соузу Гоес, анын жолдошу Эдисон Донизете жана алардын 19 жаштагы уулу Эрик Мигелди тосуп алып, тогузунчу кабатка чыгуу үчүн лифтке киришкен. Бир убакта лифт кулап, ичиндеги жүргүнчүлөрдүн баары каза тапты.

Ошол үйдүн жашоочулары лифттер дайыма жүрүп баратып токтоп жатканын, эшигин ачпай жатканын жана авариялык баскыч иштебегенин айтышкан.

Маалымат боюнча, бузулган лифт 23-декабрда эксплуатацияга берилген. Адамдар каза болгондон кийин текшерүү үчүн жаап салышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости