www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмокто дарыканадан акча уурдай качкан жигиттин жаза мөөнөтү кыскартылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Чүй облустук соту Токмок шаарындагы дарыканадан акча уурдай качкан Замир Кожокановдун ишин кайра карап, беш жылдык жаза мөөнөтүн 2 жыл 6 айга кыскартып, 50 миң сом айып салды.

Эске салсак, 2019-жылдын 12-мартында Кожокановдун балдары ооруп, дары-дармекке акча издеп чыгып, дарыканага кирген.  Ал акчасы жок экенин түшүндүрүп, курткасын күрөөгө коюп сатуучудан дары берүүсүн өтүнгөн.   Сатуучу баш тарткандан соң чыгып кетип, кайра келип кассадагы акчаны алып качып кеткен.

Бирок,  кийинчерээк милиционерге өзү келип, кылганын моюндаган. Тергөө учурунда камакка алынган Кожоканов менен дарыканачынын айткандары дал келген. Аял жигитти кечирип, аны жазалабоону суранган.

Бирок сот, 2019-жылдын 15-майында Кылмыш-жаза кодексинин 201-беренеси ("Каракчылык") боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Мындан тышкары, айыпкер 70 миң сом төлөп бермей болгон.

Мындай чечим социалдык тармакта ар кыл пикирлерди пайда кылып, көбү буга нааразы болгон. Айрым укук коргоочулар менен юристтер дагы "сот чечими катаал чыгып калды" деп чыгышкан. Мындан улам иш  кайра кароого жөнөтүлгөн.

Кожоканов келинчеги менен Токмок шаарынын четинде батирде жашап, курулушта, жеке ишканаларда иштеп келген. Анын кичинекей эки кыз, бир уулу бар.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости