www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмок шаарында Кыргызстандагы диний кырдаал боюнча семинар өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чара 16-майда Токмокто аксакалдар кеңештеринин, аялдар кеңештеринин, жаштар комитеттеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин, мугалимдердин  башка жарандык коомчулуктун өкүлдөрүнүн жана милиция кызматкерлеринин катышуусунда өткөрүлгөн.

«Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга «Экстремизм, терроризм, радикализм түшүнүктөрү жана келип чыгуулары», «Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты», «КРдагы диний кырдаал жана тыюу салынган экстремисттик, террордук уюмдардын идеологиясы», «Жаш өспүрүмдөр жана жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алууда коомдук алдын алуу борборлорунун ролу», «Интернет тармагындагы ачык булактарды колдонуунун, изилдөөнүн усулдары, диний экстремизмди жана терроризмди алдын алууда коомдук алдын алуу борборлорунун жаштар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү» темаларында атайын даярдалган баяндамаларды, видеороликтерди, слайддарды көрсөтүү менен маалыматтар берилди», — деп билдирет министрлик.

Ошондой эле катышуучуларга экстремизм жана терроризм багытында даярдалган атайын буклеттер таратылган.

Белгилей кетсек, бул иш-чара Министрлер кабинетинин 2023-2027-жылдарга экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча программасын ишке ашыруу жана 2021-2026-жылдарга мамлекеттин диний чөйрөдөгү концепциясынын пландарынын тийиштүү пункттарын аткаруу максатында өткөрүлгөн.

Семинар ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан демилгеленип, «Борбор Азиянын Евразия фонду» коомдук фондунун колдоосу менен уюштурулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости