www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда, мамлекеттик сапар менен Кытай Эл Республикасына келди. Бул тууралуу кытайлык CCTV+ агенттиги NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

Мамлекет башчысы сапардын алкагында «Кытай-Борбор Азия» саммитине да катышат.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 18-майынан 20-майына чейин созула турган сапардын жүрүшүндө КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле Президент Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян, Кытай Элдик саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин төрагасы Ван Хунин жана КЭРдин башка расмий өкүлдөрү жана бизнес чөйрөсү менен жолугушуулары пландалууда.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

Айгүл Жапарова – Президенттин жубайы;

Жээнбек Кулубаев - тышкы иштер министри;

Муратбек Азымбакиев -   Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Актилек Мусаева – Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;

Айбек Джунушалиев – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

Азамат Осмонов - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги;

Аскарбек Джаныбеков - айыл чарба министри;

Алтынбек Максүтов - маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

Талантбек Иманов - санариптик өнүктүрүү министри;

Тилек Текебаев - транспорт жана коммуникациялар министри;

Данияр Амангельдиев - экономика жана коммерция министри;

Таалайбек Ибраев - энергетика министри;

Умбриэль Темиралиев - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору;

Самат Исабеков - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;

Эмилбек Абдыкадыров - Бишкек шаарынын мэри;

Бакытбек Жетигенов — Ош шаарынын мэри.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости