www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева Президент Сооронбай Жээнбековдун 2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө жарлыгына комментарий берип жатып.«Аймактык өнүгүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо маселелери бири-бирин логикалык жактан толуктап турат», — деп билдирди.
«Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды, президенттик ишинин алгачкы жылын — облустардын экономикасын колдоо, жер-жерлерде ишкерликти өнүктүрүү, региондорду өнүктүрүү үчүн акча-кредиттик жана бюджеттик саясатты күчөтүү максатында Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялаган. Ошондой эле үй-бүлө институтуна терс таасирин тийгизген ички миграцияны кыскартуу дагы негизги максат болгон. Мындай шарттарда биздин балдарыбыз мамлекет тарабынан кошумча күчөтүлгөн көңүл бурууну талап кылышат. Ошондуктан үстүбүздөгү жыл Мамлекет башчысы тарабынан Балдарды колдоо жылы деп да жарыяланды», — деп баса белгиледи Толгонай Стамалиева.
Булак: NazarNews.kg