www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоңуп калган метан көбүктөрү

Бул нерселер бир караганда сууга түшүп тоңуп калган учуучу тарелкалардай элес калтырат. Же болбосо музга катырылган байыркы медузаларды эске салат. Чындыгында алар суу астында тоңуп калган метан көбүктөрү. Бул жаратылыш кооздугу дароо адамды өзүнө тартып алат. Аталган газ көбүктөрүн кыш ченинде Канаданын Альберта провинциясындагы Абрахам көлүнөн да көрсө болот. Бул көрүнүш качан пайда болот?

Кеч күздө саргайган жалбырактар, чөптөр жана кээ бир жандыктар сууга түшүп, бактерияларга азык болушат. Ал эми бактериялар метан бөлүп чыгарышат. Quora сайтынын колдонуучуларынын бири Маюр Канайя белгилеп өткөдөй, газ көбүк түрүндө бөлүнүп чыгып, муз болуп тоңгон суу алдында миңдеген ак көбүкчөлөргө айланат. Бул бир чети суктанарлык, ошол эле учурда коркунучтуу да. Парник газы планетада жылуулук таратууга гана эмес, жалбырттап күйүп кеткен өрт кырсыгына да алып келиши мүмкүн.

Жазында муз эрий баштайт. Натыйжада ак көбүкчөлөр акырындан жарылат. Эгерде кимдир бирөө жакын жерге ширеңке чагууну ойлогон болсо, метандын чоң массасы оңой эле күйүп, чоң жарылууга алып келет. Саякатчылар бул газ көбүктөрүн Канаданын Улуттук паркы Банфтагы көлдөн жана Сибир тараптагы Муздуу океандын жээгинен көрө алышат. 

Булак: “Ачык саясат”
 

Последние новости