www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гонконгдо билим алган үч кырыгызстандык студент шаардан чыгып кетти. Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Пекин бийлиги жана Гуанчжоудогу КР Башкы консулдугу менен биргеликтеги аракети аркылуу Гонконгдогу кыргыз студенттерине колдоо көрсөтүүдө. Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги маалымдады.

“Кыргызстандык студенттер элчилик менен дайыма байланышта. Кытай бийлигинин көмөгү менен студенттерибиз коопсуз аймакка жайгаштырылган. Сянганга КРнын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулу жөнөтүлгөн” –делет ТИМдин маалыматында.

Андан сырткары, Кыргызстандын дипломатиялык миссиясы Кытай бийлигинин көмөгү менен кыргызстандык студенттер үчүн акчасын кийин төлөгөндөй кылып авиабилеттерди алуу боюнча туристтик фирмалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ошондой эле ТИМ Кытай жана КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдары менен кадамдарды координациялоо боюнча ар дайым байланышта дешет ТИМден.   

Белгилей кетсек, Гонконгдо июнь айынан бери Кытай бийлигине нааразы болгон эл нааразычылык акциясын уюштуруп, ал ушул күнгө чейин тыйылбай келүүдө.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости