www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 20-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Бишкекте өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблея Кеңешинин (ЖККУ ПА) көчмө жыйынына байкоочу катары катышкан Сербия Республикасынын Элдик Скупщинасынын Төрагасынын орун басары Веролюб Арсич менен жолугушту.
Жолугушууда эки өлкөнүн саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарынын учурдагы абалы талкууга алынып, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу сөз болду.
Парламенттик-демократиялык өнүгүү жолун тандап алган Кыргызстан үчүн Сербия Республикасы менен кызматташуу артыкчылыктуу багытка ээ экенин айткан Төрага Дастанбек Жумабеков: “Бүгүнкү жолугушуу күн тартибиндеги маанилүү маселелерди талкуулоо менен эки өлкө ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө болот деген ишеничтемин. Айрыкча парламенттер аралык алакаларды, анын ичинен депутаттык достук топторунун деңгээлиндеги кызматташтыкты кеңейтүү аркылуу жакшы натыйжага жетишүүгө болот”, – деди. Муну менен катар 2015-жылы Сербия Республикасы менен кызматташуу боюнча Жогорку Кеңеште төрт депутаттан турган достук тобу түзүлгөнүн эске салды.
Ошондой эле Кыргызстан Сербия менен болгон ар тараптуу алакаларды арттырууга кызыкдар деген Дастанбек Жумабеков соода-экономикалык кызматташтык да өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи. Бул жаатта келишимдик-укуктук базага ылайык тиешелүү иштер жасалып жатканына токтолгон Төрага, Сербия тараптын кароосуна бир катар макулдашууларды камтыган документтер жөнөтүлгөнүн мисал кылды.
Андан тышкары, ЕАЭБ менен Сербия ортосунда эркин соода аймагы тууралуу макулдашууну ишке ашыруу боюнча жумуштар жүргүзүлө баштаганын баса белгилеген Төрага: “Аталган документке кол коюлушу менен кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө жол ачылат”, – деди.
Өз кезегинде Сербия Республикасынын Элдик Скупщинасынын Төрагасынын орун басары Веролюб Арсич жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Сербия өлкөсү да Кыргызстан менен болгон бардык багыттагы байланыштарды, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин кошумчалады.
Мындан сырткары жолугушууда тараптар билим берүү, илим, маданият жана туризм жаатында кызматташуу зарылчылыгына токтолушту.