www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Астананын жаштар маслихатынын VII чакырылышынын депутаты Динагүл Тасованын кийген кийимин казакстандык интернет колдонуучулар катуу сынга алды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан сайты жазды.

Депутат Fashion Night Astana иш-чарасында подиумга Dana Dyusembayeva мода үйүнүн кийимдерин кийип чыккан. Үлбүрөк кийимдин көкүрөк тарабы эч нерсе менен жабылган эмес. Дизайнерлердин ою боюнча бул көйнөк көкүрөк тарткычы жок кийилиши керек.

Социалдык тармактын колдонуучулары эки топко бөлүнүп, биринчиси депутатты колдосо, экинчилери аны уят-сыйытты унуткан неме деп сынга алышкан.

Депутат өзүнүн Instagram баракчасына чыгарган сүрөтүндө төшүн "быйтыкча" менен жаап койгон.

Динагүл Тасова Арменияда өткөн "КМШ топ модели — 2018" сынагына катышкандан кийин белгилүү болгон. Бул конкурста таажы тагынбаганы менен "Медиамодель" наамын алган.

Астананын жаштар маслихаты коомдук уюм катары каттоого алынган. Депутаттардын жаш курагына чектөө коюлуп, 16 жаштан 29 жашка чейин деп белгиленген. Алар айлык албайт, кеңсеси да жок. Жаш депутаттар өздөрү шайланган окуу жайларда түрдүү иш-чараларды уюштуруп келет.

Булак: "Спутник"

 

Последние новости