www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 21-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында коргоо министрлигинин кызмат ордуна Руслан Мукамбетовдун талапкерлиги каралып, аскерге барып кызмат өтөө боюнча пикирлер айтылды. Жыйында аскердик кызмат өтөбөгөн жигитке кыздар турмушка чыкпаш керек деген да пикир айтылды.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев ыр айтып, залдагыларды күлдүрдү.
«Райкандын бир ыры бар. "Армияга барбаса, окуп билим албаса, ал бала жөн эле илинип турган колбаса". Анын сыңарындай, жигиттер сөзсүз армияга барышы керек.
Армияда өзүнүн катуу тартиби бар. Анча-мынча какыс-кукус болот. Ошонун баарына ызылдай берген болбойт. Албетте чектен ашып кеткен учурларда аны атайын комиссия текшерип, тийиштүү жазаларын берет. Бирок армия катуу болушу керек, антпесе ал бир эс ала же окуй турган жер эмес. Жигиттер ошону менен бышат», - деди ал.