www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) кызматкерлери каржылоону бекитүү чечимдери үчүн «пара» алып турушу мүмкүн экенин айтты, анткени каражаттар туура эмес жерлерге жумшалып келген. Бул тууралуу  ВАШИНГТОНдон  РИА Новости жазып чыкты.

"Мен ал жерде кандай пара алышканын билгим келет. Ким мынчалык акчаны жөн эле коротот эле? Ал жерде чоң алдамчылык бар, бул коркунучтуу нерсе. Жүз миллиондогон доллар ар кандай топторго бөлүнгөн, бирок алар акчага татыктуу эмес болчу. Менин оюмча, бул акчаны алган тараптар өкмөттөгү акчаны бекиткен адамдарга пара беришкенби? Бул өтө коррупцияланган уюм. Негизги суроо: пара аркылуу канча акча түшкөн?" – деп билдирди Трамп Ак Үйдө журналисттерге.

Буга чейин Трамп мамлекеттик катчы Марко Рубиону USAID агенттигинин убактылуу жетекчиси кылып дайындаган. Өз кезегинде Рубио Конгресске чет элдик жардамды кайра карап чыгуу боюнча билдирүү жөнөткөн.

Последние новости