www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мүлк жана транспорт салыгынын суммасын Calculator.salyk.kg сайтындагы калькуляторду пайдалануу менен өз алдынча эсептөөгө болот. Бул туурасында Салык кызматы билдирди.

Эсептөө үчүн жөнөкөй эле кадамдарды жасоо керек: баракчадагы керектүү шилтемени ачып, мүлк боюнча тиешелүү маалыматтарды киргизүү жана андан соң "салыкты эсептөө" баскычын басуу зарыл. Программа автоматтык түрдө төлөнө турган салыктын суммасын берет.

Эгерде жаран төлөнө турган салыктын суммасын эсептөөдө кыйынчылыкка туш болсо же жардам керек болсо, жергиликтүү салык органына кайрылып, толук маалымат ала алат.

Эскерте кетсек, 1-сентябрга чейин транспорт каражаттарына, турак үй, батир жана үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер тилкелерине салык төлөө зарыл.

Ыңгайлуулук үчүн төлөөнүн ар кандай ыкмалары бар: банктардын кассалары, почта бөлүмдөрү, төлөм жана POS-терминалдар, интернет-банкинг, мобилдик төлөмдөр жана төлөм карталары.

Кеңири маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости