www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаңы жер титирөөлөрдөн Сирияда төрт, Түркияда үч адам каза болуп, кеминде 764 адам жаракат алганын CNN билдирди.
Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу буга чейин өлкөсүндөгү жер титирөөдөн 213 адам жабыркаганын билдирген. Үч кыйроо болгон жерде издөө-куткаруу иштери уланууда. Кийинчерээк Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги жабыркагандардын саны 294 адамга жеткенин тактады.
Сирия бийликтери каза болгондордун жана жабыркагандардын санын ачыктаган жок. Сириянын адам укуктары боюнча мониторинг борборунун маалыматы боюнча, Алеппо, Тартус жана Хама шаарларында дүрбөлөң түшүүдөн жана тыгындан кеминде төрт адам каза болгон. Борбордун маалыматына караганда, Дамаск көзөмөлдөгөн аймактарда кеминде 320 киши жараат алды. Өлкөнүн түндүк-батышында дагы 150 киши жараат алды.
Түркиянын Сирия менен чектеш Хатай провинциясында 20-февралдын жаңы кечинде жер титирөө болгон. Алардын күчү 6,4 баллга жеткен. Бул Түркия менен Сириянын чек арасында 6-февралда болгон кыйраткыч жер титирөөдөн эки жума өткөндөн кийин болду (магитудасы 7,8ге жеткен).
Түркияда 41,1 миңден ашуун, Сирияда кеминде 5,8 миң адам курман болду.
Булак: NazarNews.kg