www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн мурун, 13-февралда Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилиги менен барган өздүк курамды Түркия мамлекетинин Газиантеп шаарынын губернаторунун орун басары Мухаммед Ондар тосуп алды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Түркия мамлекетинде канчалаган адам өмүрүн алып, үрөй учурган окуяга байланыштуу Мухаммед Ондарга жер титирөөнүн кесепетинен жабыркаган элине көңүл айтты.

"Өз кезегинде шаар башчысынын орун басары эки күн ичинде жиберилген гуманитардык жардамга ыраазычылыгын билдирип кетти. Ошондой эле ал кыргыз куткаруучуларынын издөө иштери учурунда адам өмүрүн сактоо учурлары көп кездешип жатканын баса белгиледи", - деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушуудан соң Бообек Ажикеев Кахраманмараш шаарындагы кырсык болгон тилке менен таанышты.

Эске салсак, 13-февралда министр Бообек Ажикеевдин жетекчилиги астында дарыгерлер, куткаруучулар, боз үй тигүүчүлөр жана гуманитардык жардам катары 49 боз үй, дары-дармектер Түркияга жөнөтүлгөн.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости