www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Троллейбустун баары электробуска алмаштырылат

Бишкекке келе жаткан жылдын экинчи жарымында 120 электробус алып келинет. Электробустар жапониялык Ankai компаниясынын Кытайдагы өндүрүшүнөн сатып алынды. Ал эми троллейбустар келечекте каттамдан алынып, ордуна электробустар чыгышы мүмкүн.

«Быйыл Бишкекке миңден ашык автобус алынды, жаңысы 600, каттамга күнүнө 10-15тен автобус кошулууда. Шаарда автобустардын 26 линиясы бар, бир линияда 18, 20, 24 автобус болушу керек, интервал 8-10 мүнөт. Автобустар таңкы саат 05:30дан тарта түнкү саат 23: 30га чейин катташы керек. Биз бара-бара троллейбустун баарын электробуска алмаштырабыз. Себеби электробустар мобилдүү, а троллейбустар өзүнүн линиясы менен гана каттап, чектелип калат. Акыркы жолу троллейстар 2015-2017-жылы алып келинген, булар иштөө мөөнөтү бүтсө, дагы карап көрөбүз, же жаңы алабыз, же толук электробуска өткөрөбүз. Менин оюм боюнча, электробуска өткөрүү — Бишкек шаары үчүн ыңгайлуу» , — деди вице-мэр Максатбек Сазыкулов.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости