www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Аида Касмалиева мыйзамсыз чет мамлекетте саякаттап жүрүшкөн Социалдык жактан коргоо министрлигиндеги алашемдикти таап чыгып, эл алдында койду эле, булардын иши акыры текшерилип мыйзамдыктар бетке айтылып кызматынан кетишкен. Аида Касмалиева бүгүнкү күнү циркте болуп жаткан тартип бузгандык тууралу сөз козгоду. Цирктин артисттери бул боюнча кайрылбаган жери жок, акыры акыйкаттуулукту парламенттен тапчудай. Бул жерде жемкорчулук «желип жүргөнү» боюнча алардын колунда толтура фактылар менен кагаздары бар.Көзгө басаар бир циркибиз бар, бул жактын аба-ырайы кандай болду экен? Анткени маданиятка министр болгондор Алтынбек Максүтовдон бери эле циркке келсе чалынышат. Обонду мыкты чыгарганы менен Түгөлбай Казаков Исанаевдин «обонун» чыгара албады, өзү анын обонун созуп калгандай. Көзү өтүп кеткен Султан Жумагуловду айтпайлы, жаңы келген жаш министрибиз Азамат Жаманкулов да циркти көздөй даап бара албай жаткандай. Деги Башкы прокуратура менен Эсеп палатасы алтымыштан ашык текшерүү жүргүзсө да былк этпеген бул Курмангазы Исанаев деген ким? Жакында тиешелүү комитетте Эсеп палатасынын аудиторуАлимжан Байгазаков менен Башкы Прокурордун орунбасары Нурлан Дүйшөмбиев мыйзам бузгандык бар экенин тастыкташты.
Көрсө акча деген ушул жакта жатыптыр, цирктин эмне кылып иштеп жатканын ким билет, бирок 2016-жылы мунайзатына деп 832 миң сомду жок кылышат да, жабдыктарды сатып алуу үчүн мыйзамсыз тендер өткөргүсү келишет. Бирок мындай мыйзамсыз иштерди шекшип маалымат беттерине чыгарылып калган соң токтоп калышат. Курмангазы Исанаевди сүттөй аппак дегендер циркте иштей берсин деп жатышат. Бирок ал сүттөй акпы?, Циркте кеткен көптөгөн мыйзам бузуучулуктан улам, цирк текшерүүгө алынсын деп мамлекеттик жогорку кызматтагы адамдын, бир учурдагы вице-премьер Дамира Ниязалиеванын колу коюлган справка турат. Кыргыз циркинде болгон тартип бузуулардан улам директордун мурдагы орунбасары Касмыгинага кылмыш беренеси колдонулганын ким жокко чыгарат? Цирктеги мыйзамсыз капиталдык курулуштар боюнча кызматтагы адамдарга кылмыш иши козголгонун ким жокко чыгарат?
Баягы эле жүрөгүн окко тосуп мыйзамсыз иштер үчүн күрөшкөн Аида Касмалиева циркте «коррупция» гүлдөп жатканын баса белгилеп, анын сөзүн Башкы прокуратура менен Эсеп палатасы бекемдеп жатат. Бул тууралуу маалыматты журналист Азизбек Келдибеков билдирди.
Белгилей кетсек буга чейин коомчулук арасында борбордогу цирктин имараты “гейлердин борбору” деп айтылып жүргөн. Бул маалымат тууралу жакынкы аралыкта тактоо киргизебиз.
Булак: NazarNews.kg