www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга байланыштуу цирктин эмгек жамааты бүгүн, 21-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдына митингге чыгышты. Митингде алар өздөрү сунуштап жаткан цирктин артисти Аида Акматованы гана директор кылып берүүнү талап кылышууда.
Буга чейин маалым болгондой, Кыргыз циркинин директорлугуна маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Фархад Бекманбетовдун, Кыргыз циркинин артисти Аида Акматованын жана балетмейстер Зарылбек Молдобакировдун талапкерлиги сунушталган.
Эскерте кетсек, цирктин мурдагы директору Курмангазы Исанаев ээлеген кызматынан 2018-жылдын 20-декабрында бошотулган. Анын кызматтан кетүүсүнө эмгек жамаат менен болгон пикир-келишпестик түрткү болгон. Кыргыз циркиндеги жетекчилик менен кызматкерлердин пикир келишпестиги 26-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин комитетинде көтөрүлүп, циркти ижарага берүүдөгү жана билеттерди сатуудагыкоррупция жана башка мыйзам бузуулар болгону айтылып жатат жана циркке эч кандай тиешеси жок адамдар жетекчиликке келип жатканына нааразы болуп жатышат.
Белгилей кетсек, кыргыз циркинин директорунун кызмат орду бир айдан бери бош турат.
Булак: NazarNews.kg