www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Мамлекеттик циркти жетектегиси келген талапкерлердин программалары менен таанышууда. Министр Азамат Жаманкуловдун айтканы боюнча, азыр төрт кишинин талапкерлиги каралып жатат.

- Азыр талапкерлердин программаларын, концепцияларын карап жатабыз. Бир кишиге токтолуп, чечим чыга элек. 2-3 күндүн ичинде жетекчини коюп калышыбыз керек- деди ал.

Эки айга жакын убактан бери жетекчи дайындалбай жатканына нааразы болгон Мамлекеттик цирктин кызматкерлери бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгарын “Азаттыкка” билдиришкен. Алар жетекчини дайындоо жең ичинен чечилип, бул тармакта мурда-кийин иштебеген адамды алып келүү аракети болуп жатканын айтып жатышат. 

Эскерте кетсек, цирктин кызматкерлери циркти "министрге тапшырдык" деп жумуштан баш тартып жатышат. Цирктин кызматкерлери митингге чыгышаарын билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости