www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адам күнүгө бир жаңылык укпаса дүлөй болот дегендей, Чүй облусун учурда башкарып жаткан Өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун бул кызматка бара салып “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” таризинде иш алып барып жатканын көрбөй же укпай калууга мүмкүн болбой калды окшойт.Дегенибиз,бул чоң креслого отурбай жатып, кол астындагыларга кыргыйдай тийип, “Өз короомдон кочкор салышым керек” деп, өкүлчүлүктүн ондон ашкан кызматкерин “оптом” иштен айдаптыр. Ошол эле учурда “жетелеп” келген жетекчилери, жетим баланын кейпин кийишип, иштин көзүн таба албай “оордун үстү, жеңилдин асты” менен жүрүшкөндөрүн , көргөн, билгендер уу-дуу кепке айлантып жүрүшөт.
Бешинчи кылымда жашап өткөн кытай даанышманы Лао-Цзы: “ Өз бийлигинин чегин билбеген төрөдөн өткөн шордуу жок” дегендей Тукебиз деле, бийлигинин чегин билбей, аша чаап Кыргызстаныбыздын төрт бурчунан келгендердин баарын батырган, эң чоң, кирешелүү делинген Чүй облусунөз билгенимдей башкарам деген эйфориянын жетегине жетеленип алса керек. Редакциябызга келип түшүп жаткан арыз-арманга толгон кайрылуулардын негизинде Туйгунаалы Дуйшеналиевичтин өз оозунан бизди кызыктырган суроолорго жооп алыш мүмкүн болбоду. Кабылдамасындагы Нуржан аттуукызыбыз бир күндө беш жолу чалсаң дагы, кадимки эле автоответчиктей, “шеф өкмөттө, шеф Жогорку Кеңеште” деп сайрап туруп алат. Акыркы убактарда Чүй облусундагы болуп жаткан “бардактарды” эске ала отуруп, келген кайрылуулардын негизинде журналисттик иликтөө жүргүзүүнү эп көрүп отурабыз. Журналисттер менен кафе, ресторандарда жолугуп, “разборкалашып” көнүп калган Тукебиздин жасап жаткан кылык-жоруктарын жолугуп, бетме-бет отуруп пикирлеше албагандан кийин, иликтөөбүздүн башында колго илинген фактыларды гезит аркылуу сурап алсакпы деп чечтик. Баягы көнгөн адатын карматып, жердештери менен болгон чогулуштагыдай, “Кана кимиңер мага каршы чыгасынар, сыртка чыгып, “илибоюңар” менен эркекче суйлөшүп алам” десе, редакциябыздын иликтөө жүргүзүп жаткан кызматкерлери колубузда бар материалдардын негизинде маалымат айдыңында “эркекче” сүйлөшүүгө даяр экендигин дагы эскерте кетмекчибиз.
Биз берген төмөнкү суроолорго “эркекче” мүнөзү бар Туйгунаалы Дүйшеналиевич түз жана туура жооп берет деген үмүтүбүз чоң.
“Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганып” көнүп калышкан биздин чочоңдогон чоңдорубузга окшоп, “Бул атайын буйрук, мен билем мунун артында кимдер турганын”, деп көнгөн адатыбызга салып кыйкырып чыксак, анда деле сизге редакциябыздын төрүнөн орун берип, оюңузду, пикириңизди угууга даяр экендигибизди айта кетмекчибиз.
Азырынча сөзүбүздү ушул жерден токтотуп, иликтөөбүздүн жыйынтыгын күтө турсак туура болчудай.
Абай Аргынов
Булак: “Параграфф”