www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаныбарлардын так санын айтуу мүмкүн эмес. Бирок уюм бир нече ыкма аркылуу жаныбарлардын санын аныктоого аракеттенет. Жаратылышты коргогон адистер жерде байырлаган жаныбарлардын санын болжолдуу түрдө GPS трекер, фото капкан жана жаныбарлардын издери аркылуу аныкташат. Жыл сайын жаныбарлардын жаңы түрлөрү дагы табылууда. Ага карабастан дүйнөдөгү жапайы жаныбарлардын канчасы тез кырылып жатканын, канчасы тукум курут коркунучуна кабылганын так айтуу өтө татаал. Жаныбарлар байырлаган аймак дагы кылдат изилденет. Тропикалык токойду байырлаган жаныбарларды башка жерде таба албайсыз. Токойду кесип өткөн дарыя бузулса - жаныбарлардын баары коркунучка кабылат. Демек, аймактагы жаныбарлардын санына карабастан, башка себеп менен дагы тукум курут коркунучуна туш болушу ыктымал.

Тукум курут болуш үчүн сан өтө маанилүү эмес

Жаратылышты коргогон адистердин айтымында, жаныбарлардын айрым түрлөрү жаңыдан аныкталаар замат "кызыл тизмеге" кошулат.

Мисалы, Бразилиядагы көк ара кушу тукум курут болду деп жарыяланган. Бирок 2016-жылы токойдо учуп жүргөнү байкалган. Жаныбарларды "кызыл тизмеге" кошкондо, бир гана алардын саны маанилүү эмес. Айрым учурда жаныбарлар беш жүз чамалуу болсо дагы, ал тукум курут коркунучуна кабылды деп жарыяланат. Ошол эле учурда айрым жаныбарлардын үч жүз түрү калса дагы, алардын көбөйүп кетүү мүмкүнчүлүгү бар болушу ыктымал. Ошондуктан санына гана эмес көбөйүү мүмкүндүгүнө чоң маани берилет.

Булак: Факты.kg

Последние новости