www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түндүк-түштүк жолунун жалпы узундугу - 433 чакырым. Анын курулушу 2021-жылы бүтүүгө тийиш. Азыр анын Балыкчы шаарынан Кочкор айылына чейинки, Кочкор айылынан Эпкин айылына чейинки бөлүгүндөгү 68 чакырым жолду каржылоо маселеси калды, калган бөлүгү толугу менен каржыланып бүттү. Эми калган бөлүгүнө Азия өнүктүрүү банкы түндүк-түштүк жолунун курулушуна 78 млн. доллар көлөмүндө каражат, анын ичинде 68,5 млн. доллар жеңилдетилген насыя, 9,5 млн. доллар грант берүүгө даяр.
Насыяны жабуу мөөнөтү - 32 жыл, жеңилдетилген мөөнөтү - 8 жыл. Ошону менен бирге, кыргыз тарап 12 млн. 750 миң доллар кошумча каражат кошууга тийиш. Насыя жеңилдетилген мөөнөттө 1 пайыз, андан кийин 1,5 пайыз үстөгү менен берилүүдө.
Булак: "Фабула"