www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаратылыш кырсыктарынан Кудай сактасын! Ошентсе дагы “жаман айтпай, жакшы жок” деген кеп бар эмеспи. КР мыйзамында турак жайды камсыздандыруу “милдеттүү” деп бекитилгенине карабай, анчалык ашыкпагандар көп экен.
Балким буга бир чети мыйзамдардагы ачаке-жумакейлер деле себеп болуп жаткандыр. Ошентсе дагы милдетин албай койгон жарандарга кандай чара көрүлө турганы деле айтылбайт. Болгону айтылбаган кырсык болуп кетсе, мамлекет дагы анын милдетин албай турганын айтып коркуткан жагы бар.
Ал эми ЖКнын бүгүнкү 9-октябрдагы жыйынына, буга чейинки камсыздандыруу мыйзамын оңдой салгандар, жарандардын эмес камсыздандыруу фондунун кызыкчылыгын коргошкону билинип калды.
Анткен менен анда сөз болгондорго караганда, 1-2-топтогу майыптар, согуштун катышуучулары милдеттүү камсыздандыруу төлөмүнөн толук кутулушат. Ошондой эле Чернобылдын катышуучулары, эгер 1-2-топтогу майып болсо 100 пайыз, 3-топто болсо 50% жана социалдык камсыздандыруунун каттоосунда турган жакыр үй-бүлөлөр 50% төлөмдөн бошотулат.
Булак: NazarNews.kg