www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия - Алжир бирдикте завод курат

Түркия менен Алжир өнөктөштүгүндө Аданада нефтехимия заводу курулат. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Алжирдин энергетика министри  Мухаммед Аркаб Түркия  - Алжир Иш Форумунда Анадолу агенттигине берген маалыматта Алжир улуттук энергетика фирмасы Sonatrach менен Түркиядан Ронесанс холдингдин өнөктөшү менен Аданада бир нефтехимия заводунун куруларын белгиледи.

Долбоордун курулушунун 2 жылга жакын созулушун күтүп жатышкандарын айткан Аркаб 2022 – жылдын июнь айында заводдун өндүрүшкө өтөрүн айтты.

Аркаб Sonatrachтын өнөр жайда бат – бат колдонулган полипропилендин өндүрүлүшүндө чийки зат катары колдонуу үчүн бул заводго 450 тонна пропан газын берерин билдирген.

Чыгымынын 1, 4 миллиард долларга жетиши күтүлгөн долбоордун 66 пайызынын Ронесанс холдингге 34 пайызынын болсо Sonatrachка таандык болорун айтты.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости