www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

29-апрель, саат 10:00дө депутат Махабат Мавлянованын демилгеси менен уюштурулуп жаткан  “Турмуштук оор кырдаалга кабылган жетим балдардын көйгөйлөрү жана аларды жумушка орноштуруу менен маселелерди чечүү жолдору” аталышындагы форум өтөт.

Иш-чара мамлекеттик органдар жана бизнес өкүлдөрү менен жогору окуу жайларын, атайын мектеп интернаттарын жана кесиптик лицейлерди бүтүргөн жетим балдардын ортосундагы байланышты арттырууга багытталган.

Форумга Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен мектеп-интернаттардан келген жетим жана кароосуз калган балдар катышат. Ошондой эле форумдун алкагында бош жумуш орундары сунушталып, ишке орноштуруу боюнча кеп-кеңеш, долбоорлор талкууланат.

Өтүүчү жай:  Бишкек шаары, “Алтын казына” рестораны (Жеңиш проспектиси, 351) 
Форумга катышууну каалаган ЖМК өкүлдөрүн (0312) 63 89 15, (0554) 78 27 47, (0770) 62 60 95 телефон номурларына байланышууну өтүнөбүз.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости