www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги экс-акыйкатчы Турсунбек Акунду кепке тартып, Атамбаевдин мыйзамсыз ишин иликтеген коомдук комиссия түзүү аракети башталганы боюнча ой бөлүштү.
-Турсунбек мырза, курултай өткөрүп жаткан саясатчылардын биринчи маселеси Атамбаевди жоопко тарттыруу экени эч кимге деле жашыруун эмес. Бирок, Сооронбай Жээнбеков силердин бул аракетиңерди 100 пайыз колдоого алабы?
-Атамбаевди жоопко тарттыруу, ал башкарган 6 жылдагы мыйзамсыз иштери, ашынган коррупциялык схемаларын иликтөө боюнча, курултайда сөз болгон. Кечээ жакында дагы ошол маселелердин алкагында кичи курултай өттү. Ага коомдук, саясий ишмерлердин көбү катышты. Базарбай Мамбетов, Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Каптагаев, Болот Шамшиев, Акматбек Келдибеков, Исмаил Исаков жана башка саясатчылар сөз сүйлөп Атамбаев президент болгон жылдардагы бийликти кыянаттык менен пайдаланганынын мамлекетке тийгизген кесепеттерин талкууладык. Ошондой эле Атамбаевди жоопко тартуу боюнча Жогорку Кеңештен жооп келбей жатканы боюнча да токтолуп, Атамбаевдин коррупциялык схемаларын иликтеген мамлекеттик комиссия түзүлсүн деген чечимге келдик. Ошондой эле, Атамбаевдин экономикалык кылмыштары, ТЭЦ, Датка-Кемин, жол курулуштарындагы коррупциялык схемалар сөз эркиндигин муунтканы, адам укугун тепсегени боюнча да мыйзамсыз иштерин иликтей турган коомдук комиссия түзүү маселесин көтөрүлдү.
Мамлекеттик комиссия качан түзүлүп, кандай жыйынтык чыгарат деп отурбай эле коомдук комиссия колунан келишинче изилдеп, өз корутундусун чыгарсын, коомдук комиссиянын чечиминин алкагында укук коргоо органдарына кайрылып, Атамбаевди кылмыш жообуна тартуу маселесин көтөрүү чечимине келдик. Жакында, коомдук комиссиянын курамы аныкталып, ишти баштайбыз.
-Атамбаев да эки айдын ичинде бийлик талаптарын аткарбаса, митингге чыгаарын айтты го. Атамбаев да мезгили келгенде бийликтин айласын кетирээрин айтып жатышат...
-Атамбаев Сооронбай Жээнбековду туура эмес шайлап алыптырмын. Эми ал катачылыгымды оңдойм деди. Сыягы, кайра кызматтан түшүрөм, мамлекеттик төңкөрүш кылам деп жатат окшойт. Адахан экөө кошулуптур деген маалыматтар тарады. Бирок, Мадумаров да актанып, азыркы бийликке акараат сөздөрүн айтууда. Бабанов болсо, келтирбесеңер, ишимди токтотпосоңор, мен Атамбаевге кошулуп кетем дегендей. Кыскасы, 5-10 миң киши чыкса эле бийликти алып коёбуз деген маалыматтар желдей тарады. Бирок, баары эле алар ойлогондой болбойт. Анткени, мамлекеттин мыйзамдуу президенти бар. Ал алар ойлогон баш аламандыкка жол бербейт. Биз бийликти революциялык жол менен эмес, шайлоо жолу менен алмаша турган кылышыбыз керек. Кыргызстан үчүнчү революцияны көтөрө албайт.
-Баса, курултай демекчи курултайчылар тымызын бийликтин “заказын” аткарып жаткан жокпу?
-Бийликтин заказын аткарган жок. Болгону, курултай бийликтин ачык асман алдында эмес, жабык имаратта өтсүн деген талабына көндү. Мурдагыдай бийлик тараптан курултайды өткөрүүгө тоскоолдук жаралбады. Биз менен укмуш кызматташышпаса дагы мурункудай тоскоолдук жаратышкан жок. Биз бийикке кошомат кылып, аларга жаккан чечимдерди кабыл алып жаткан жокпуз. Бийликти деле сындап, катачылыгын айтып жатабыз. Керек болсо, бийликке ыңгайсыздык жарата турган талаптарды койдук. Эми күзүндө талаптардын аткарылышын талап кылабыз. Ага чейин убакыт бердик.
Булак: NazarNews.kg