www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнө караштуу КСД партиясынын мүчөлөрүн чогултту. Адатынча аны-муну айтып, ар кимдин кадыр баркына шек келтирип, оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып балп этти. Өзүнөн башкалардын барын жаман деп тилдеди. 

Эми, Атамбаевдин ылгабай сүйлөгөн ыплас сөздөрүнө таң калбай деле калбадыкпы. Болгону анын азыркы президентти жамандап жатканын көрүп, мындай ойго келдим. 

Атамбаев өз кыялында президенттиктен кеткенден кийин деле көмүскө башкарам деп ойлогон. Президенттик мөөнөтүнүн тушунда ар кимдин колу менен кылынган кылмыштар билинбей калат деп ойлогон. Ошого,  ийкемдүү, айтканымдан чыкпайт деп Сооронбай Жээнбековду талапкер кылып алып, өзү сүрөдү. Жээнбеков дагы "Кыргыз көчү уланат!"-деген ураан менен аттанды. Көч уланат десе, Атамбаев "менин көчүм уланат го..."-деп ойлоп алса керек. Президенттик шайлоодон кийин бары башкача болду. Атамбаев айткандай эле тейтелеңдеп саясатка аралашып, президенттин ишине кийлигише баштады. Элде "Жээнбеков деле Атамбаевдин айтканын чыкпайт, анын ишин улантат"-деген нааразы пикирлер айтыла баштады. Убакыттын өтүшү менен олуттуу бурулуштар күтүсүз башталды. Атамбаевдин жанында ири коррупциялык иштерге аралашкандар кылмыштарга шектелип камакка алынды. Атамбаевдин былыктары калкып чыга баштады. Жээнбеков досу Атамбаевди эмес, жалпы элдин кызыкчылыгына дал келген багытты тандап алды. Ыза болгон Атамбаев улам маалымат жыйын өткөрүп, таарынычын айтып, ыплас шилекейин чачыратты. Эки достун ортосунда чоң жарака кетти. Атамбаевдин таарынычы, ууру-коррупционерлердин камакка алынышына байланыштуу болду. 
Жээнбековдун дарегине бир канча жолу ыплас сөз багыттады. Жээнбеков ыплас сөздөрдүн бирине дагы жооп кайтарган жок. 

Кечээ акыркы жолу чыкканда дагы өтө төмөн деңгээлде сөздөрдү айтты.  Атамбаевдин мындай "балп" этмелерине биз көнүп деле калдык, болгону кошуна элдерден уялат экенсиң. Мына, Назарбаев кызматтан кетти. Кеткенден кийин өзүн маданияттуу алып жүрөт. Элестетип көргүлө, Назарбаев бүгүн чыгып алып, "Мен жакшы иштеп аттым эле, булар чимкириктер, мен кызылынан ичет элем, арак ичкен 10 граммдык рюмкам дагы бар"-деп айтып жатканын? Эгер, Назарбаев ушундай сөз айтса, казактар уятынан жерге кирип кетмек. А биз "балп" этмеге чыдап жүрөбүз!
Эгер, Жээнбеков Атамбаевдин каалоосундай анын жетегинен чыкпаса, ууруларга табакташ катары аталып калмак. Атамбаев дегенде ТЭЦтен уурдалган миллиондор, жолдон солонгон миллиондор, миллиондорго сатылып алынган жыгач эшектер эске түшөт. Жээнбеков ошондуктан туура кылды, досунун кызыкчылыгын аттап, элдин кызыкчылыгын тандады. Атамбаев ошого ызаланып, бүгүн өзүн "оппозиция" атады....

Булак: NazarNews.kg

Последние новости