www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Twitter Россиянын Жогорку сотуна арыз менен кайрылды. Бул тууралуу «Коммерсантъ» гезити жазып чыкты. Буга Роскомнадзордун аталган социалдык тармакка 3000 (үч миң) рубль айып пул салганы себеп болгон.

Эске салсак, Россиянын аталган көзөмөлдөөчү органы социалдык түйүндү аларга жеке маалыматтарды бербей койгондугу үчүн сотко берген. Ушул жылдын 5-апрелинде тынчтык соту Твиттерди күнөөлүү деп таап, 3 миң рубль айып пул салган.

Ал эми Москванын Таган соту ал чечимди күчүндө калтырган. Бирок, Твиттердин юристтери “Россияда өкүлчүлүгү жок чет өлкөлүк компанияны Россиянын мыйзам эрежелери менен айыптоого болбойт. Анын үстүнө компания жеке маалыматтарды сактабайт” дешүүдө.

Россиянын Жогорку соту буга чейин ушул сыяктуу иштерди караган эмес, ошондуктан Роскомнадзор үчүн да, Твиттер үчүн да бул аягына жетүү үчүн принципиалдуу маселе. Россияда жеке маалыматтарды чектөө боюнча мыйзам 2015-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кирген. Муну менен Роскомнадзор Фейсбук жана Твиттерден бул социалдык тармактарга катталган россиялык колдонуучулардын жеке маалыматтарын алууга аракет кылууда. Мындан мурун Фейсбук да Твиттер сыяктуу колдонуучулардын жеке маалыматтарын бербей койгондугу үчүн 3 миң рубль айып пул төлөгөн эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости