www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калыбы, Перу өлкөсү изилдөөчүлөрдү таң калтырганын токтотпойт окшойт. Дегеним жакында палеонтологдор таң калычтуу байыркы жаныбардын калдыгын казып чыгышкан.

Окумуштуулар киттин "ата-бабалары" качандыр бир убакта кургакта жашагандыгын эчак эле аныкташкан. Эми чындап анын далили табылып отурат. Бул белгисиз байыркы кит 42, 6 миллион жыл мурда жашагандыгын изилдөөчүлөр билдиришет. "Баскан кит" деген илимий аталышты алган белгисиз жандыктын сөөк калдыгы 2011-жылы эле табылганына карабастан, изилдөөчүлөр ушул март айында гана ал жөнүндө коомчулукка билдирүү жасашкан.

Бул киттин төрт буту болгон жана сөөк түзүлүшүнө караганда сууда да мыкты сүзө алган. "Баскан киттин" уникалдуулугу Тынч океандын жээгинен биринчи жолу табылып жаткандыгында. Буга чейин Индия жана Пакистандан табылган болчу. Эми окумуштуулар "Баскан киттер Азиядан Америкага 50 миллион жыл мурда сүзүп өтүшкөн жана эки материктин ортосу анчалык алыс эмес болчу" деген теория чындыкка жакын экендигин билдиришүүдө.

Булак: "Сырдуу дүйнө"

 

Последние новости