www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөр Голд Компани» ишканасында тышкы башкаруу киргизилгенден бери 44 миң унция алтын сатылды. Бул тууралуу аталган компания билдирди. 

Ишканадан белгилешкендей, жыл башынан бери Кумтөрдө 161 миң 60 унция алтын казып алынган. Быйыл Кумтөрдө 470-510 миң унция же 14,62-15,86 тонна алтын өндүрүп алуу пландалууда.

44 миң унция алтынды сатуудан 82 млн 234 миң доллар жалпы киреше түшкөн. Андан алтынды өндүрүүгө кеткен чыгымдарды (өздүк нарк 41 млн 952 миң доллар) кемиткенде дүң киреше 40 миң 282 миң долларды түзгөн.

«Алтындын баасынын өйдө-ылдый болгонуна байланыштуу биринчи партиядагы 16 миң унция алтындын бир унциясы 1 миң 813,15 доллардан, экинчи партиядагы 28 миң унция алтындын бир унциясы 1 мин 893,15 доллар сатылды», — деп билдирет ишкана.

Эскерте кетсек, «Кумтөр Голд Компани» ишканасына убактылуу тышкы башкаруу быйыл 17-майда киргизилип, тышкы башкаруучу болуп Теңгиз Бөлтүрүк дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости