www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) айрым маалымат сайттарына УКМК кызматкерлери муфтий шайлоого аралашты деп тараган маалымат чындыкка дал келбесин билдирди.
“УКМК Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын шайлоосуна кийлигишкенге укугу жок. Баш мыйзамда дин мамлекеттик башкаруудан бөлүнгөн”, - деп айтылат билдирүүдө.
“Нур” партиясынын мүчөсү Руслан Бекназаров муфтий шайлоодо айрым талапкерлерге УКМКнын өкүлдөрү кысым жасап, талапкерлигин алдырганын айтып чыккан.
26-июнда Бишкекте Кыргызстан мусулмандарынын жетинчи курултайы өттү. Анда Замир Ракиев муфтий болуп шайланган.
Анын талапкерлигин Аалымдар кеңеши көрсөткөн. Конкурстук комиссиянын элегинен өтүп, Аалымдар кеңешине сунушталган үч талапкердин экөө - Султанали Гапуров менен Шүкүр Исмаилов талапкерлигин алып салышкан.
Булак: NazarNews.kg