www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиевдин жетекчилиги алдында «Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу» аттуу чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын улуттук форуму Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүүдө.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова, мамлекеттик органдардын жана чыгармачыл союздардын жетекчилери, илимий коомчулук, ошондой эле маданият, искусство жана билим берүү тармактарынын өкүлдөрү катышууда.

Форумга өлкөнүн бардык жети облусунан, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынан келген 800гө жакын делегат катышууда.

Форум Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгынын алкагында уюштурулуп, чыгармачыл союздар менен илимий интеллигенциянын өкүлдөрүн бириктирген улуттук диалог аянтчасы болуп саналат.

Аталган форум төрт этаптан турат: райондук жана облустук деңгээлдеги талкуулардан кийин жыйынтыктоочу IV этап катары бүгүнкү республикалык форум өткөрүлүүдө.

Форумдун алкагында төмөнкү негизги маселелер талкууланууда:

• маданият менен илимдин улуттук өнүгүүдөгү орду;

• чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын коомдогу миссиясы;

• маданий-руханий жаңылануунун багыттары;

• чыгармачыл союздарды өнүктүрүүнүн мамлекеттик механизмдери;

• илим, билим берүү жана чыгармачылык тармактарындагы реформалар.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан сунуштар жана демилгелер айтылып, маданият жана илим тармактарын системдүү өнүктүрүүгө багытталган конкреттүү чаралар талкууланууда.

Форумдун жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынып, иш-чаралар планы иштелип чыгат жана резолюция кабыл алынат.

Форум мамлекеттик органдар, чыгармачыл чөйрө жана илимий коомчулуктун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө, улуттук маданий саясатты жаңы деңгээлге чыгарууга жана Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп эсептелет.

Последние новости