www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин четинде жайгашкан “Келечек” конушунда жашаган Таштанбековдордун үй-бүлөсү үйү өрттөнүп, күлгө айланып, үч жаш баласы кошуналарынын жардамы менен араң тирүү калып, иске уулангандан кийин гана жөлөкпул алмай болушту.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова балдар дарыланып жаткан Бишкек шаарындагы Балдардын медициналык тез жардам көрсөтүүчү клиникалык ооруканасынын реанимациялык бөлүмүнө (№3 балдар ооруканасы) баргандан кийин гана айтылды.  Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүндө, Вице-премьер-министр балдардын абалынан кабар алып, Таштанбековдордун үй-бүлөсүнө колдоо берүүчү жылуу сөздөрүн айткан. Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, Өкмөт тараптан материалдык көмөк көрсөтүлүп, ошондой эле балдарга жөлөкпул алууга көмөк көрсөтүлөт.

Өрттөн улам үй-бүлө жашаган турак-жай толугу менен күйүп кеткен, натыйжада, 2015, 2016, 2017-жылы туулган үч бала ууланган.

Ал эми аталган оорукананын жетекчилиги вице-премьер-министрге бардык тийиштүү дармектердин бар экендиги тууралуу маалымат берген.

Мындан мурда көмүр исине ууланган балдарга кийим-кече, памперс жана башка жардам зарыл экенин балдардын укуктарын коргоочулар жана жергиликтүү социалдык кызматкерлер социалдык тармактар аркылуу билдиришкен болчу.

Балдардын атасы Рустамбек Таштанбековдун айтуусунда, “Келечек” конушунда жарык көп өчөт. Кырсык болгон күнү, 12-февралда эрте менен балдардын апасы айы-күнү жакындап калгандыктан, баардык электр жабдыктарын өчүрүп, ооруканага кеткен. Аңгыча үйдөн түтүн чыгып жаткандыгын кошуна кыз көрүп калып, атасына айткан. Ал алгач ууланып, эс-учун жогото баштаган балдарды, андан соң документтерин гана алып чыгууга үлгүргөн. Жалпысынан беш адам жашаган бул үй-бүлө азыр бир сыйра кийими менен эле көчөдө калышты.

Балдардын улуусу 3,9, ортончусу 2,8 жана кичүүсү 1,4 жашта. Баардыгы тең эркек балдар. Жогоруда айтылгандай, жакында төртүнчү наристени күтүп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости