www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күнгө карата турак жай камсыздандыруу мамлекеттик фондунда 300 миллион сом бар. Бул тууралуу ЖКнын 9-октябрындагы, “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам долбоорун кароо учурунда белгилүү болду.

Анда айтылгандай, мыйзамда “милдеттүү” деп жазылганы менен камсыздандыруучулар элди мажбурлай алышпайт. Ошондуктан мыйзам чыккандан берки эки жарым жылдын ичинде 94 миң 575 обьект гана камсыздандырылса, анын ичинен 64 миң 515 турак жай ушул жылы камсыздандырылган.

Кайрадан оңдоп-түздөлүп, толукталып, депутаттардын кароосуна сунушталган бул мыйзам долбоор колдоо тапса, үйлөрүн камсыздандырууну каалагандардын саны көбөйөрүнө демилгечилер бекем ишенишет.

Анткен менен камсыздандыруунун акысы кыскарбай, камсыздандырыла туруучу жаратылыш кырсыктарынын саны кыскарып жаткан учурда, турак-жай ээлери турак-жайын камсыздандырууга анчалык ашыкпаса деле керек...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости