www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Аманкелди” деген ат менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары милициянын тизмесинде турган киши кармалды бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, ага карата иш Жазык кодексинин "Бейбаштык” беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 12-октябрында Ош шаардык ички иштер башкармалыгына белгисиз бирөөдөн токмок жегенин айтып жергиликтүү тургун кайрылган. Буга байланыштуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы 2020-жылдын 28-январында мурда 16 ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган, 23 жаштагы жаранды кармаган.

Шектүү мурда кылган кылмышы үчүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Ош шаарында жайгашкан жатак абактарынын биринде жазасын өтөп жатып, өз убагында каттоодон өтпөй, бул кызмат тарабынан издөөдө жүргөнү аныкталды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости