www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык милициясынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын эки кызматкери баңгизат сатууга шектелип кармалышты. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек ШИИБдин ыкчам кызматкерлери жарандарга өсүмдүк жана синтетикалык баңгизаттарды пландуу түрдө сатып жүргөндүгү аныкталган.

29-апрель күнү баңгизаттын ири дозанын өткөрүп берүү учурунда милициянын капитаны Б.Д.М., ошондой эле аны менен алдын ала сүйлөшүп алган милициянын лейтенанты Г.М.Б. кармалган. Алардын жашаган жана иштеген жеринде баңгизаттар табылган.

Кармалган милиционерлер Б.Д.М. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына, ал эми Г.М.Б. Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Последние новости