www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 16-апрелинде КР УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук РИИБинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн үч ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери — Т.Д.Н., К.А.К. жана М.Р.Ш. пара алып жаткан учурда кармалышты.

Тергөө тарабынан аныкталгандай, кызмат адамдары  жарандардан текшерүүнү токтотуу жана кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алуу үчүн жалпы суммасы 220 000 сом өлчөмүндө акча талап кылышкан. Буга чейин шектүүлөр талап кылынган сумманын 165 000 сом бөлүгүн алып коюшкан. Кармоо Сокулук РИИБдин имаратында, паранын калган 55 000 сом өлчөмүндөгү бөлүгү берилип жаткан учурда  жүргүзүлгөн.

Азыркы учурда кармалгандар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына  киргизилди, иштин бардык жагдайларын аныктоо үчүн зарыл болгон тергөө иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.
 

Последние новости