www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы убактарда “WhatsAppе” мессенджеринде жана башка социалдык тармактар аркылуу ар түрдүү коркунучтарды камтыган чагымчыл материалдарды жайылткан учурлар көп кездешүүдө. Социалдык тармактарда көп сандаган маалыматтар тарап, билдирүүлөрдүн саны өсүп, аны бөлүшкөндөр көбөйүүдө. Кээде ушул сыяктуу маалыматтар интернет тармагында бул жылы гана жайылбастан, бир канча убакыттардан бери дареги менен убактысы гана өзгөртүлүп, жайылып жаткандыгын көрүүгө болот.

Укук коргоо органдары жарандарды жогорудагыдай жалган маалыматтарга ишенбестен, ар дайым маалыматтарды тактап алууга чакырат.

Жарандарга эскертүү: Балдардын жоголгондугу жана ушуга окшош маалыматтар менен бөлүшүүдөн мурда маалыматтын эски же жалгандыгына (фейк) көңүл буруу керек. Баланын сүрөтүндө, эгерде аны ата-энелери же жакын туугандары тарата турган болсо, анда качан жана кайда жоголгондугу, эмне кийип жүргөндүгү, өзгөчө белгилери, андан сырткары жоголгон баланы табышкан же ал жөнүндө кандайдыр-бир маалымат биле турган болушса байланышуу үчүн милдеттүү түрдө жакындарынын телефон номурлары жазылышы абзел. Бирок, көп учурда социалдык тармактарда баланын сүрөтү менен таратылган маалыматта аты-жөнү, убактысы жана байланышуу үчүн так маалыматтар көрсөтүлбөйт.

Жайылып жаткан маалыматты кайра көрүп, өткөн окуя боюнча эстөөгө туура келген ата-эненин жана балдардын сезимдери жөнүндө ойлонуп көрүшүңөрдү суранабыз.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости