www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусундагы укук коргоочу Анарбай Орозов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Музаффар Исаков боюнча Сузак райондук сотунун чыгарган өкүмүнө каршы облустук сотко арызданат. Ал Исаковдун иши анын жазган арызынын негизинде сотко өткөнүн айтып, райондук соттун чечине нааразы экенин билдирди.

- Өкүм туура эмес чыкты. Тоок уурдаганга тогуз жыл берилип, мамлекеттин, элдин акысын жеген адам үч жылга шарттуу кесилди. «Шарттуу" деген сөз үч күндөн кийин бүтө турган нерсе. Мамлекет коррупция менен күрөшпөй эле, "кызмат абалынан пайдалангандар элди жесе боло берет экен” деген түшүнүк болуп калды. Эми мен облустук сотко кайрылам, - деди Орозов.

Сузак райондук соту бүгүн, 28-декабрда Музаффар Исаковду жети жылга үч жылдык сынак мөөнөтү менен шарттуу кесип, беш жылдык мөөнөткө мамлекеттик кызматтарга иштөө укугунан ажыраткан.

Экс-депутат менен чогуу айыпталган райондук архитектура кызматынын үч кызматкери жана Таш-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкери да шарттуу кесилген. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүнө эч кандай чара көрүлгөн эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости