www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соңку убакта Жалал-Абад облусундагы коомдук, саясый абалдын анча эместиги, бир эсе кен чыккан жердеги чырлар да ИИМдин баш оорусуна айланды. Облустагы коомдук коопсуздукту сактоодогу милициянын тиешелүү жетекчилери ишти тарта албай жатканын министрликтин борбордук аппараты да моюнга алып, жакында Жалал-Абадга Бишкектен ротация аркылуу МЕНТтердин «үйүр тобун» алып баруу мерчемделип жатканы маалым болду.

Өзгөчө ОИИБ башчысынын орун басарлыгын бир кездери Баткен облусунун ушундай кызматын көркүнө чыгара аткарган Улан Рысбековго сунушташса., «от күйгөн» жерлерге бара берип көңүлү кайт болгон полковник бул сапар алдына келген ооматган «отказ» берип жатканы сөз болууда. Жетекчилик деле жашы өйдөлөп келе жаткан кыраакы полковникти өлкөбүздүн улам бир регионуна жөнөтө бербей, бараандуу кызматты кызганбай беришсе, өздөрү үчүн деле утуш болмок. Качанкыга чейин иш билги инсанды борбордук аппараттагы «аты улук, супарасы курук» кызматка байлай беришет? Ыпыр-сыпыр жетек-чилерди кубалап, ушундай тың кадрларга жол ачышпайбы?

Убагында Улан мырза бир генералды таластыктарча «энең-ди...» деп сөккөн эле, ачуусу келсе эмкилерди деле тамга кадап туруп, ашатып салышы мүмкүн...

Булак: "Азия Ньюс"

Последние новости