www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 5-апрелде, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Таштанбек уулу Рустамдын үй-бүлөсүнөн кабар алып, аларга “Инсандык жардам” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан материалдык жардам көрсөтүлө турганын белгиледи.
Эске салсак, Бишкектин четинде жайгашкан “Келечек” конушунда Рустам үй-бүлөсү менен батирде жашаган үйү 2019-жылдын 11-февралында өрттөнүп, анын кесепетинен 2015, 2016, 2017-жылы туулган үч баласы иске ууланган.
--“Балдарымдын экөөсү өрттүн айынан көбүрөөк жабыркаган. Биз өз убагында тиешелүү дарылануудан өттүк. Азыр ден-соолуктары жакшы. Врачтар бир жылга чейин балдарга дайыма сүт азыктарын берүүнү сунушташкан”, - дейт балдардын атасы Рустам.
Үй-бүлө жакында төртүнчү ирет балалуу болушту. Кызы төрөлгөндө “балага сүйүнчү” 4 миң сом өлчөмүндө бир жолу берилүүчү акча каражатын тез убакытта алганын белгилешти.
“Инсандык жардам” коомдук кайрымдуулук фондунун координатору Реджеп Юрумес Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кайрылуусу менен аталган үй-бүлөгө 8 ай убакыт аралыгында 18 миң сом ай сайын акчалай колдоо көрсөтүлө турганын айтты. Аталган каражаттар балдардын тамак-ашына жана батирдин ижарасын төлөөгө жумшалат.
Булак: NazarNews.kg