www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-депутат, мурда министр болуп иштеген Улукбек Кочкоровдун алдыдагы президенттик шайлоого кайрадан катышары тууралуу кептер айтыла баштады. Азырынча саясатчынын өзүнөн расмий билдирүү жок. Бирок күбүр-шыбырга караганда Кочкоров бул жолу да президенттик жарышка аттанышы мүмкүн.
Бирок Кочкоров үчүн бул жаңы аракет эмес. Ал 2017-жылдагы президенттик шайлоодо 0,5 пайыз добуш алып, 8 миңден ашык шайлоочунун колдоосуна ээ болгон. 2021-жылы көрсөткүчү бир аз өсүп, 0,68 пайызга жеткени менен, бул дагы президенттик тактыга олуттуу атаандаштык жарата турган деңгээл деп саноого болбойт.
Демек, Кочкоров шайлоого бара тургандай, бул аралыкта өзүнүн электоралдык базасын канчалык кеңейте алды деген суроо туулат. Дегенибиз, саясатта бир эле талапкердин кайра-кайра шайлоого катышуусу анын мүмкүнчүлүгүн автоматтык түрдө жогорулатпайт.
Ток этерин айтсак, Кочкоровдун буга чейинки эки президенттик жарыштагы көрсөткүчтөрү анын азырынча массалык электоралдык колдоого ээ саясатчылардын катарына кире электигин көрсөтүп турат.
Ошондуктан бул жолку шайлоодо да чоң секирик жасашы үчүн ага мурдагыдан кыйла күчтүү команда, жаңы саясий идея жана кеңири шайлоочулук база керек.
Андыктан, Кочкоровдун буга чейинки көрсөткүчтөрүнө караганда, анын үчүнчү жолу президенттик жарышка чыгышы анчейин деле маанилүү эмес. Башкача айтканда, президенттикке негизги фаворит болуп жаткан Садыр Жапаровго татыктуу атаандаш боло албайт десек аша чапкандык болбойт.