www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бир катар бөлүмдөрүндө Россиядан автоунааларды алып келүүдө документтерди жасалмалоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Тез арада текшерүүнү талап кылган маалыматтын келип түшкөндүгүнө байланыштуу, материалдык далилдерди табуу максатында, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүздү.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын аймагына «Деу-Нексия», «ВАЗ» жана башка үлгүдөгү унаалар Россия Федерациясынан алынып келингендиги жана алар жасалма документтерди колдонуу менен мыйзамдаштырылгандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы (Ош шаары) ушул жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 359-беренеси «Документтерди жасалмалоо» боюнча сотко чейинки тергөө ишин баштаган.

ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан сотко чейинки тергөө иш-чараларынын алкагында соттун токтомунун негизинде «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бир нече бөлүмдөрүндө кээ бир иш кагаздардын түп нускалары алынды. Тактап айтканда, транспорттук каттоого байланыштуу документтердин текшерилүүсү «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад жана Баткен облустук башкармалыгында (Кызыл-Кыя шаарында) жүргүзүлдү. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө аталган мекемелерде мыйзамсыз иш-аракеттердин фактылары аныкталды.

Автоунааларды каттоодо документтерди жасалмалоо фактысы боюнча мындан аркы иш-чаралардын жүрүшүндө жогоруда аталган “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад жана Баткен облустук башкармалыктарынын бир катар кызматкерлери жеткирилип, тергөө кызматына сурак беришти. Бул иш боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости