www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 5.7 млн евро бөлмөй болду. Каражат гранттык негизде, тагыраагы кайтарымсыз. Мындай чечим Борбор Азия өлкөлөрүндөгү Экологиялык реабилитациялоо маселесине арналган Лондондогу жыйында айтылды.

Тагыраагы, аталган банк Миң-Куш жана Шекафтар айылдарында жайгашкан мурдагы уран өндүрүшүн рекультивациялоо боюнча эки долбоорду каржылайт.

Жыйында белгилүү болгондой, рекультивациялык иштер 2020-жылдын биринчи кварталында башталат. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянсак, өлкөдө жалпысынан уулуу жана радиоактивдүү заттарды сактаган 92 жай бар. Алардын 36сы Майлуу-Суу шаарында жайгашкан. Уулуу жана кооптуу заттардын жалпы көлөмү 2,9 миллион куб метрди түзөт.

Белгилей кетсек, 2015-жылдын май айында Европа биримдигинин демилгеси менен Борбор Азиядагы курчап турган чөйрөнү калыбына келтирүү фонду түзүлгөн. Ал фонддун каражатына Борбор Азия аймагында жайгашкан үч республикадагы радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жети жай рекультивациядан өткөрүлөт. Алардын үчөөсү Кыргызстандын аймагында жайгашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости