www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Атамбаевдин жан сакчасына адам катары боорум ооруса, анын бүгүнкү кадамы туура эмес болуп калды. Анткени анын картошка сатып байыганы менин эмес элдин оозун ачырса керек”, дейт активист Урматбек Акунов.

“Айылда картөшкө багып өстүргөндүн баары эле Дамирдей байып кетсе, анда байкуш кыргызымдын 70 пайызы айылда талаа менен күн көрөт, укмуш болуп кетишмек. Деле минтип байып кеткенин көргөн эмеспиз. Сезондон сезонго тишинин кирин соруп отурушат, тапканына күзүндө бала-чакасына мектеп форма алып бергенине сүйүнүп. Анда мен картошка эгишим керек экен. Дамир мырзанын айткандарына айла жок күлөсүң да, күйөсүң.

--Бүгүнкү Дамир Мусакеевдин айткандарына ишеним арттыңызбы?

 --Жок албетте. Угушума караганда Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеев бүгүн апасынын айылдагы үйүнө пресс тур кылыптыр.   Шефи экөө критический момент келгенде эле аялдарды алдыга чыгармай адаты бар экен. Азы мен сизге Мусакеевдин атасы Сагындык Мусакеев наамына катталган үйлөрдү айтып берейин.   

Атасы Сагындык Мусакеевге катталган мүлктөр:

1. Бишкек шаарынын Кеңсуу көчөсү №19 дарегиндеги үйдөгү батир. Муну 2014-жылы 7-июлда каттаткан. (базар баасы болжол менен 1,5 млн. сом)
2. Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылында курорттук зонадагы жер тилке. 2015-жылы 24-июнда каттаткан. (базар баасы болжол менен 700 миң сом)
3. Ысык-Көл облусунун Чоктал айылындагы курорттук зонадагы жер тилке. (базар баасы болжол менен 600 миң сом)
4. Тоң району, Бөкөнбаев айылынын Осмонов көчөсү №29 дарегинде жайгашкан дүкөн. (базар баасы болжол менен 200 миң сом)
5. Бишкек шаары, Суеркулов көчөсү 7а дарегиндеги батир. 2015-жылы 22-октябрда каттаткан. (базар баасы болжол менен 2 млн. сом)
6. Сокулук району, Новопавловка айылындагы Проектируемая көчөсүндөгү жер тилке. 2010-жылы 18-февралда каттаткан. (базар баасы болжол менен 700 миң сом)
7. Ак-Ордо конушу, Көк-Бел көчөсү №74 дарегиндеги жер тилке. 2014-жылы 1-июлда каттаткан. (базар баасы болжол менен 900 миң сом)
Эми апасы Айнура Төлөгөновага катталган мүлктөрдү тизмектейли:
1. Бишкек шаары, Рыскулов көчөсү 796 дарегиндеги батир. 2018-жылы 7-майда катталган. (Базар баасы болжол менен 2,5 млн. сом)
2. Бөкөнбаев айылынын Мамбетов көчөсү №53 дарегиндеги үй. 2016-жылы сентябрь айында катталган. (базар баасы болжол менен 1 млн. сом)
3. Бөкөнбаев айылынын Мамбетов көчөсү №52 дарегиндеги дүкөн. 2016-жылы 1-сентябрда катталган. (базар баасы болжол менен 2 млн. сом)
4. Ысык-Көл районунун Бостери айыл аймагындагы «Алтын кум» пансионатынын жанындагы «Борбор» коттедждик шаарчасындагы коттеджи. 2019-жылдын февраль айында кайра каттоодон өткөрүлгөн. (базар баасы болжол менен 3 млн. сом)
5. Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 88/2 дарегиндеги батир. 2018-жылдын 14-майында катталган. (базар баасы болжол менен 2,7 млн. сом)
6. Бишкек шаары, Калык Акиев көчөсү 99 дарегиндеги батир. 2018-жылдын 7-майында катталган. (базар баасы болжол менен 1,5 млн. сом)
7. Бишкек шаары, П. Лумумбы көчөсү 143 дарегиндеги батир. 2003-жылы 19-декабрда катталган. (базар баасы болжол менен 1,7 млн. сом)
8. Көк-Жар конушу, Куйручук көчөсү 20/2 дарегиндеги батир. Бул батир Д. Мусакеевге УКМКдан кызматтык батир катары берилген. (базар баасы болжол менен 1,2 млн. сом)
9. Бишкек шаары, Рыскулов көчөсү 796 дарегиндеги батир. 2018-жылдын 14-майында катталган. (базар баасы болжол менен 1,4 млн. сом)
10. Аламүдүн районунун Маевка айылындагы жер тилкеси. 2011-жылдын 20-январында катталган. (базар баасы болжол менен 650 миң сом)

61 жаштагы атасы Сагындык Мусакеев эч кандай деле ири бизнесмен эмес, апасы Айнура Төлөгөнова да карапайым эле айым. Анан алар мынчалык мүлктөрдү кыска убакыт аралыгында кайдан тапкан кирешесине сатып алышмак эле? Бул мүлктөр азырынча айтылганы гана”, дейт Урматбек Акунов.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости