www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Урмат мырза, эл арасмында соңку кабарлар кандай болуп жатат?

--Эл буга чейин коррупция менен Сооронбай Жээнбековду күрөшө албайт, колунан эч нерсе келбейт деп мыйыгынан күлгөн адамдар көп болгон. Калганы айтпаса да түшүнүктүү болуп калды да...

--Ошондо көпчүлүк Атамбаевге ишеним артканбы?

--Көпчүлүктүн көбү мурунку аткаминерлер ошондой эле Атамбаев менен бирге бийликке келип, бүгүнкү бийликке дагы ымыла түзүп жүргөн адамдар болгон. Эң кызыгы Атамбаевге ачык колдоосун билгизбесе дагы тымызын ар кандай финансылык жана массалык колдоосун көрсөтүп келишти. Ошондой эле коомчулуктун арасына кирип алып, саясый чыңалууларды жаратып, 7-8-августтан кийин ал айрым кошоматчы, саткын аткаминерлердин ойлору өзгөрүп, Атамбаевдин таш-талканы чыккандан кийин телефон чалуулар аркылуу куттуктоолорун жаадырып, жагынуу жолдорун  жүргүзө баштады. “Урмат, бул күрөштө акырына чейин тике турганыңа сага баа беребиз, Атамбаев 2010-жылы Бакиевге сынган көпүрө болуп, бөрк ал  десе баш алып, Атамбаев баш алып, байкебиз маркум Бектемир Акуновду камаган, атаңды кыйноого  алынгандыгын, сендеги чындыкты тебелеп, акыйкатты чыгарбай Атамбаев президент болуп турганда кандай басмырлагандыгын эми өз көзү менен көрсүн” деп жагынуу иретиндеги сөздөрүн байма-бай айтып чалып турушту. “Ак ийилет, бирок сынбайт” деген сөздөрдү көп айтышты. Таң калыштуусу ушул сөздү мага айтпастан Атамбаев бийликте турганда ошол кишиге жеткирип атамдын актыгын, акыры чындык чыга тургандыгын ошол кишиге айтса болмок деген ойдомун. Демек, атамды Бакиев эмес, ортодо эл көтөрүлсүн деп Атамбаевдин буйругу менен  атамды курмандыкка чалган экен. Атамбаевге адам өмүрү бааланбайт тура.

--Коомчулук Атамбаевдин камалышын кандай кабыл алууда?

--Коомчулук, чындык акыры бир күнү келет дегенге толугу менен ишенди. “Уурунун жолу куш” деген ушул күн. Эң эле кызыгы эл өз күнүн көрүп келе берет, бирок эки жүздүү айрым кошоматчы саясатчыларга кыйын болду. Атамбаевди Кудайдан кийин эле Кудай көрүп, этегине намаз окуп, дааратына суусун даярдап чуркап жүргөн эже-агаларыбыз бүгүнкү күндө Асылбек Жээнбековго же Сооронбай Жээнбековго бараарын билбей башын кашып олтурушат. 2010-жылы мен Нарын облусуна атайын иш-сапары менен УӨттүн мүчөсү Отунбаеванын орун басары Атамбаев барып, Нарындын кулундарына асылып, элибизди маскара кылганда экөөбүз кайым айтыша кеткенбиз. Ошондо аткаминерлер Атамбаевге жагалданып, мени жек көрүшүп, артыман ар кандай сөздөрдү айтып жамандап жүрүшкөн. Бүгүн ошол адамдар “Урмат, сен ошол учурда көзү ачыктай эле Атамбаевге мамиле кылган экенсиң”, деп айткан сөздөрүнө кечирим сурап жатышат. Айтаар элем менден кечирим сурабагыла, коомчулукту алдап, ууру, канкор, эки жүздүү Атамабаевди колдогонуңар үчүн, элден жана Кудайдан кечирим сурагыла. Мен болгону чындыкты гана бетке айтканмын. Бүгүнкү күндө Атамбаев ким экенин жана канча мүлкү бар экенин кандай ач көз адам экенин, акыл-эси жайында инсандар өздөрү түшүнсө болот.

--7-8-августтан кийинки окуядан кийин Курсан Асанов кызматтан кеттиши жеке көралбастык эмеспи?

--Жок бул жерде эч кандай көралбастык же кандайдыр бир тирешти көрүүгө болбойт. Ар бир генерал жеке кызыкчылык эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору тутуш керек деп ойлоймун. Менин угушумча “менин милициям мени коргойт”, деп эл ишенип олтурса, Курсан Асанов “канкор жана коррупционер” Атамбаевди “ички” жактан коргошу терс пикирди жаратты. Мындай “ич ара саткынчылар” жалгыз Курсан Асанов болгон эмес, дагы кимдер сатканын Ак үйдөн, Өкмөттөн, ал тургай ЖК депутаттарынын арасынан жакында чыга баштайт. Кызыктар али алдыда.

--Атамбаевдин тарапташтары “кайтар дүйнө” деп жатат, сиздин түшүнүк боюнча кандай?

--Менимче “кайтар дүйнө” Алмазбек Атамбаевге кайтты, оозуна келгенди оттоп, көрүнгөндү “каматам” деп коркуткан Атамбаевдин абалына баары шок болуп олтурат. Атамбаев бирөөнүн кайгы-азабынан байлык топтоп, эл кызыкчылыгынан өз кызыкчылыгын жогору коюп келген. 7-8-августта эл, ошол эле өзүнүн тарапташтары Атамбаевдин үйүндөгү байлыктарын талап-тоноп, майкандап кетишти.  Ошондо Атамбаев айткандай “Кой-Таш Эл Республикасына” уурулар эле чогулуп алганбы? – деген суроо жаралат да. Мындан аркы тилегим Атамбаевдей хандан Кудай сактасын, элибизге ыйман-ынсап, сабыр, тынчылык берсин.

--Рахмат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости