www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Президент үнүмдү угуп коюңуз

Кыргыз Республикасынын президенти

Жээнбеков Сооронбай Шариповичке

Жалал-Абад областынын Аксы районунуна караштуу

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн

Өлөн-Булак айылынын тургуну

Сүйүмбаева Гүласалдан

К А Й Р Ы Л У У

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Мен сизге аргасыздан кайрылуу жазууга мажбур болдум. Үнүм Кудайга жетсе жеткендир бирок, органдарга жана сотторго жетпеди. Менин жашым 101 жашта. 1 уул 6 неберем бар Кудайыма шүгүр. Келиним, Оросматова Насипкан 3 уул 3 кызды төрөп, каттуу оорууга байланыштуу көзү өтүп кетип, неберелерими өзүм тарбиялап чоңойттум. Тирүүнүн тирилиги өтө берет дегендей неберелерим да акыл эстүү болуп, турмушта өз жолдорун таап алышты.

Туң неберем Долонбаев Уларбек Таалайбекович карындаштарына жана инилерине башы көз болуп, айылда жумуш жок болгондуктан Бишкек шаарында иштеп жүргөн. Азыркы учурда Долонбаев Уларбекке куруу доо менен (кыз зордукттоо) айыбы тагылып, кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын 1-май РИИБ нүн убактылуу кармоочу жайында олтурат. Иши сотко өткөрүлүп, бей күнөө камала турган болуп турат. Мен ишенем неберем ал кылмышты кылган эмес, ал жашынан жетим калып, бар жокту көрүп, бирөөгө катуу сүйлөгөн бала эмес. Кыз зордукташ бул жакта турсун карындаштарына каттуу сүйлөбөйт.

Менин жашым бир топко келип калды ыйлай берип, өзүм да кыйналып калдым. Сиздин иштеп жаткан бир жылдык мөөнөтүңүздө бир топ алгылыктуу жумуштар аткарылып, бизге окшоп укугу тепселенген карапайым элдин көйгөлөрү чечип жатасыз! Сизге Кудайым ден соолук берсин! Сиздин каттуу койгон талабыңыз менен элдин ырыскысын уурдагандар министр жана депутаттар атайын кызматтар тарабынан коррупцияга шектелип, камалып жатат. Тууган урук менен макулдашып, биртке тыйын таап, жактоочу жалдадык эле жактоочубуз неберем Долонбаев Уларбектин күнөөсүз экенин далилдеп чыкты бирок, соттор биздин үнүбүздү угуп дай койбой доогер тараптын доосун канааттандырганга аракет кылып жатат.

Зордукталды деген кыздын Апасы бизден 500 000 (беш жүз мин сом) акча талап кылып, эгер биз берсек доосун алуусун айтып жатат. Менде андай акча кайдан болсун аз пенция бар, неберем болсо бир туугандарын мектепте окутайын деп, Бишкек шаарында иштеп жүрсө. Акчаны ачык эле талап кылып, коркутуу-үркүтүү болуп жатат. Сөзүм куру болбош үчүн, жактоочубуз даярдаганы боюнча болгон окуяны айтып берсем. ИИБ нин кызматкерлери кылмышты ачуу максатында жабырлануучу кыздарга менин неберем Долонбаев Уларбектин сүрөтүн соткага тартып алып көрсөтүп, анан ушул жигит зордуктоого аракет жасады деген жалган жала менен жоопко тарткан. Жабырлануучунун Апасы Молдобекова Айгул арызы боюнча 545 – 0600 чамасында Жаш Гвардия Бульварында окуя болгонун көрсөтөт.

Сурак протоколунда «Сорока» колунун жанында тааныбаган адам зордуктоого аракет жасады деп көрсөтмө берет. Зордукталды деген Култаева Адеми саат 630 чамасында зордуктоо аракети БЧК жээги Багратион көчөсүндө 20- үйүнүн жанында окуя болгонун көрсөтөт. 15-май 2018-жылы Долонбаев Уларбек Таалайбекович Бищкек шаарынын Шералиев көчөсүнүн 344 үйүндө өзүнүн жарандык никедеги аялынын туулган күнүндө болгон. Ошол туулган күнгө катышып отурган Аскар деген кошуна бала менен мушташып кеткендигине байланыштуу квартирага кетирип жиберүүнү туура көрүшүп, СМС таксиге буйрутма берүү менен такси чакыртылган.

Ошол кеченин катышуучусу Шералиев көчөсүнүн тургуну Бейшебаев Байыш СМС таксиге саат 539 - 26 убактысында чакырууга өзүнүн 0703 22 66 29 сандуу телефону менен буйрутма заказ берген. Такси ээси: 0708 14 90 82 өзүнүн телефону менен саат 5 46 – 17 заказ берүүчү Шералиев Байышка байланышка чыгып адрести тактап, саат 551 - 49 өзүнүн келгенин билдирген. Долонбаев Уларбек Таалайбековичтин сумкасы табылбай такси 10 минут ашык күтүп туруп калган.

Такси айдоочу Ноорузка, Долонбаев Уларбек Таалайбекович акчам аз 100 (жүз сом) сом берем деп, Республиканский Жибек Жолуна таштоону суранган. Такси айдоочу Нооруз, жүргүнчү Уларбек менен макул болбой 121 сом счетчик иштегенден кийин саат 06 00 чамасында Түштүк магистраль менен Тыналиева көчөсүнүн кесилишине тушуруп таштаган.

0708 14 90 82 телефондун ээси жана заказ аткарган такси борт номер 4882 мамлекеттик номери Хонда Фит, В13 78 АК белый 2002 г.в. унаасынын ээси Исабаев Адилет Орунбекович. Тунгуч кичи районунун, 71уй 20 квартирасында турат. Ошол күнү Исакбаев такси унаасын жана телефонун арендага Нооруз деген жигитке бергенин түшүндүрдү. Телефон номери 0709 53 50 60.

Таксист Нооруз өзүнүн жүргүнчүсүн таанырын жана ал жүргүнчүнү мас абалында таксиге отургузган баланы да таанырын билдирген.

ЖОГОРУДА КӨРСӨТҮЛГӨН КҮБӨЛӨРДҮН КӨРСӨТМӨЛӨРҮН АЛУУ КЕРЕК ДЕГЕН ЖАКТООЧУНУН ӨТҮНҮЧТӨРӨН ТЕРГӨӨЧҮ АТКАРБАСТАН ТУУЛГАН КҮНДҮ БЕЛГИЛӨӨ УРМАТЫНА КАТЫШКАН АДАМДАР ТАКСИСТЕР, СУРАЛГАН ЭМЕС.

Мындан сырткары Долонбаев Уларбек Таалайбекович өзүнүн жарандык никедеги аялы Кудабаева Камиланын 0707 82 91 83 сандуу телефонуна саат 6 04 баштап 14-жолу такай телефонго чакырык жасап турган. Таксист Нооруз, менин неберем түштүк магистраль менен Тыналиева көчөсүнүн кесилишине таштап кеткенден кийин неберем Долонбаев Уларбек Таалайбекович айылдаш иниси Нурбекке 0501 62 00 35 телефонуна өзүнүн 0706 95 94 91 телефону менен чалып, таксиге акча даярдап коюууну суранган. Ошол учурда саат 5 58 -51 экенин распечаткада көрүнүп турат. Үйдөн такси акысын төлөп берем деген сөзүнө макул болуп көчөдө бараткан унаа ээси аты жөнү белгисиз Долонбаев Уларбек Таалайбековичти үйүнө алып келип түшүргөн.

Долонбаев Уларбек Таалайбекович инисиннин 0501 62 00 35 телефонуна өзүнүн 0706 95 94 91 телефону менен чалып, акча алып чыгууну суранган. Неберем менен бирге жашаган Нурсултан деген бала үйдөн 200 сом алып чыгып такси акысын төлөгөн. Бул байланыштар «Магистраль», «Бейшеналиева» , «Зап. Автовокзал», «Фучик», «худ рук» станциясы аркалуу жүргүзүлгөн. Тактап айтканда такси жүргөн жолдогу станциялар менен байланышы үзүлгөн эмес.

Жалпысы саат 06 дан сааттакн 0720 саатка чейин 82 жолу байланышта болуп, кыздарга зордуктоо аракети болгон жерден алыс жүргөнү көрүнүп турган. Нурсултан акча алып чыкканча кошуна аял ишке баратканын көрүп, паспортуму берип турайын 200 сом карыз берин деп суранса ал аял анча акчасы жок экенин билдирип ишине кеткен. Жабырлануучу Кулатаева Адеми өзүнүн көрсөтмөсүндө саат 0630 чамасында окуя болгондон кийин телефондун экраны көрсөтпөй калгандыктан эч кимге телефон чалган эмесмин деп көрсөткөнү менен «Нур телеком » берген маалымат боюнча 0639 саатта жана 0642 саатта Маевка айлында жашаган өзүнүн классташы Райымкулова Зареманын 0776299533 телефонуна байланышка чыгып, жөнөп жатканын билдирген.

(Бул абал жабырлануучунун сот отурумунда берген көрсөтмөсү менен такталган) Бирок, «Нур» телекомдон алынган маалымат боюнча жабырлануучунун телефону 15- май күнү түнкү саат 00 45 тен баштап, 0730 саатка чейин 63 жолу байланышта болу менен «КОМУННАРОВ» станциясынын айланасынан кеткен эмес.

Телефондун 347573060471940 Imei коду менен такталып турат. Тергөө аракетиндеги эң чон жасалмалоо таанытуу протоколун түзүүдө болгон. Тергөө амалы ЖПК нин 197- 198-беренелеринин талаптарын бузуу менен таанытуу жүргүзүлгөнү тууралуу жабырлануучу Кулатаева Адеми азыркы айыпкер Долонбаев Уларбектин сүрөтүн соткага тартып көрсөткөндө алгач аны тааныбаганын сот отурумунда көрсөткөн, кызы чын эле соткадан көрсөткөн сүрөттү тааныбай калганын жабырлануучунун Апасы да сот отурумунда тастыктады. Таанытуу тартибин бузуу менен таанытуу жүргүзгөнү сүрөттөрдөн да көрүнүп турат. Танытууга коюулган адамдарга ак кийим, кара кийим кийинтип таанытуу эрежелерин атайын бурмалашкан.

Ушундай эле тартипте соткадан тартылган сүрөттү таанытууда жабырлануучу Молдобекова Айгул Мырзабековна да сот отурумунда тастыктаган. Ал эми Молдобекованын кесиптеши соткадагы сүрөттү 60-70 % тааныды деп тергөөчү айып коуусун бекемдеген. Жабырлануучу тергөөдө, сотто ага сакалчан адам кол салганын көрсөтөт. Менин неберем такыр сакал өспөйт. Муну да тергөө эске алган эмес. Менин неберем менен бир болгон төмөнкү адамдар такыр суралган эмес. Жактоочу чакыртып ала алган эмес.

Милиция болсо тактоону каалган эмес. Урматтуу Сооронбай Шарипович сизден сураныч неберем Долонбаев Уларбекти калыстык менен тыкыр текшерип, актап эркиндике чыгарып берсеңиз. Дагы канча өмүрүм калды бир Кудайым билет аркы Дүйнөгө көзүм ачык кетпейин! Сизден сураныч жардам берсеңиз! Сизди терең урматтуу менен, Аксы районунуна караштуу Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Өлөн-Булак айылынын тургуну: Г. Сүйүмбаева

Телефон: 0704 927 333 0773 063 849

Булак: Nazarnews.kg

Последние новости