www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономика жана фискалдык саясатка арналган парламенттин комитеттик отурумунда Толкунбек Абдыгулов менен депутат Эльвира Сурабалдиева Улуттук Банктын башчысы менен анын кечирилген кредити жөнүндө айтышып кетишти.

Эльвира Сурабалдиева анын кечирилген кредити канча процент менен берилгенине жана кандай жол менен жоюлуп кеткенине кызыкты. Көрсө биздин Толкунбек ал кредитти 5% менен алган экен.Ошол эле учурда карапайым катардагы жарандарга 7-8% менен берилип келген. Абдыгуловдун айтымында ал эч кандай мыйзам бузууга барбаптыр. Буга ачууланган депутат айым "мыйзам бузуу жок болсо анда моралдык жагын да ойлоп койсоңуз болмок. Байкуш мугалимдер 30 жылдап иштеп келишет мамлекеттен насыя алуу үчүн. А биздин сиз баштаган аткаминерлер жогорку деңгээлдеги маянаны алышат дагы ага да ыраазы болбой 5% менен кредит алат",- деп нааразы болду эл өкүлү.

Депутаттын бул сөзүнө жооп кайтарган Толкунбек Абдыгулов "мен уяла тургандай эч жаман иш жасаган жокмун. Башкы прокуратура бул кредит жөнүндө текшерүү иштерин баштады. Мен мыйзам бузгандыгым аныктала элек. Менин бир батир жана унаамдан тышкары эч кандай байлыгым жок"- деп актанды.

Карапайым адамдар силердин "өлүп кетейин, менин байлыгым жок" деген сөздөрүңөргө ишенбей калганы качан урматтуу Толкунбек Абдыгулов. Чындык жыл өткөн убакта да ачыкка калкып чыгып калып жатат терең ойлонуңуз кеч болуп кала электе...

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости