www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Бишкектеги инвестициялык көргөзмөнүн ачылышында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эмне деди дебейсиңерби? “Туризм келечекте Кыргызстандын негизги экономикалык тармагы болот" - деди.
Эч нерсе тааныш учураган жокпу? Ой ботом, быйыл өлкөбүздүн эгемендигине канча жыл болду? 28 жыл ээ. Мейли 7-8 жылды ары бери, эсибизге келгенче, шалактап жүрдүк дейли. Мейли дагы 3-4 жыл Баткен коогалаңынан араң айыгып, оюбузду жыйнадык дейли. Ошондо 17-18 жылдан бери эле “туризм, туризм” деп келатабыз го! Туризм Кыргызстандын экономикасынын флагманы деп. Ой бир сөздү кайталай бергенден деле тажайт го адам. Бирок 17-18 жылдан бери какшай берсе кадимкидей кыжырың келе баштайт экен. Же ал кезде премьер сыналгы, үналгы, гезит, интернет жок аймакта жашачу беле.
Туура, туризм чындыгында Кыргызстан үчүн потенциалдуу тармак. Бирок, кеп бирин-бири кайра-кайра кайталай бербей, сөздөн ишке өткөн заман качан келет деген ой...
Булак:NazarNews.kg