www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга NazarNews.kg маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканын эрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Бул ирет биз сөз кыла турган ыр жаш таланттар Адилет Азимов, Нурболот Теңизбек,  Нияз Касымов аткарып жүргөн “Тамшана” аттуу ыр тууралуу болмокчу. Бул ыр казак элине таандык экенин билесиздерби? Ырдын обонун Бауржан Есебаев жаратса, сөзүн Дулат Куйкас жазган. Ал эми ырды Казакстандын мега жылдызы Ернар Айдар “Жарайма” деп аткарып чыгып, 2014-жылы бул ырдын аталышынан өзүнүн жеке концертин тартуулаган. Арадан үч жыл өткөн соң биздин жигиттер “Тамшана” деп жаздырып, трио катары аткарып жүрүшөт.

Жигиттердин ырдын автору ким экенин билбей, “Казак элиники” дегендери уурдагандарынан кабар берет. Ал эле эмес Адилет, Нурболот, Нияз ырдын түп нускасын эле уурдабастан, Ернар Айдардын кыймылын кошо уурдап, казактын ырчысын туурап бийлеп да жүрүшөт. Уят! Мунун баарын эл билбейби деп ойлошобу же өзүлөрүн абдан акылдуу эсептешеби айтор белгисиз... Бул ырды жараткан автор өзү жана аткаруучу Ернар да биздин ырчылар уруксаат сурабаганын айтышып, уурдап ырдаган ырчылар көбөйүп жатканын баса белгилешип, сотко беришээрин кабарлашты. Төмөндө ырдын эки варианты тең бар. Тыңдап, салыштырып, өз бааңыздарды бериңиздер окурмандар!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости