www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вандамда Ван Даммга эстелик орнотулду

Дүйнө жүзүнө белгилүү актер Жан-Клод Ван Даммдын урматына ушул жылдын күзүндө Азербайжандын бир айылына анын эстелиги орнотулду. Кызыгы, актёрдун эстелиги орнотулган айылдын аты менен актердун ысымы окшош. 

Актер өзү Facebook баракчасына эстеликтин сүрөтүн чыгарып, аны  орноткондорго ыраазычылык билдирди. Шпагатка отурган Ван Даммдын эстелиги ушул жылдын күзүндө Азербайжандын Вандам айылында коюлган. Идеянын автору Шакир Эминбейли, ал эми аны ишке ашырган жергиликтүү скульптор Азад Алиев. 

Негизинен Вандам аталган айылдын азербайжан тилиндеги  жергиликтүү диалектте “Темир чатыр” дегенди билдирет. Бирок бул авторду да, көптөгөн жергиликтүү фанаттарды да токтоткон эмес. 
Ван Дамм Азербайжанда да өтө популярдуу. Ал Вольво унаасынын жарнамасында эки чоң унаанын ортосуна шпагатка отурган трюкту азербайжандар да кайталашкан. Азербайжанда мындай трюктун “жигули” менен кылган версиясы да бар. 

Жан-Клод Ван Дамм 90-жылдары “Кандуу спорт”, “Кикбоксер”, “Универсалдуу жоокер”, “Оор бута” (Трудная мишень) жана башка тасмаларга тартылып, дүйнө жүзүнө таанылган. Актердун эсебинде 50дөн ашык ролу бар. 

Эстеликтин автору Шакир Эминбейлинин айтымында, эстелик азырынча жабык, анын расмий ачылышы эки жумадан кийин болот.
 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости